Түркияга 6 айда туризмден 12 миллиард 603 миллион 642 доллар киреше түштү

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан “Январь-Июнь 2019” айлары аралыгында чек арадан кирип чыккандардын статистикасы жарыяланды

1245754
Түркияга 6 айда туризмден 12 миллиард 603 миллион 642 доллар киреше түштү

Түркия жылдын биринчи 6 айында, өткөн жылдын дал ушул айларына караганда 13,2 пайыздык жогорулоо көрсөткүчү менен 18 миллион 76 миң 506 чет өлкөлүк жаранды кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан “Январь-Июнь 2019” айлары аралыгында чек арадан кирип чыккандардын статистикасы жарыяланды.

Статистикалык маалыматтарга караганда июнь айында Түркияга өткөн жылга салыштырмалуу  келгендердин саны 18,5 пайызга жогорулап, 5 миллион 318 миң 984 чет өлкөлүк жаранды түздү.

Январь-Июнь айларында мурунку жылга салыштырмалуу 13,2 пайыздык жогорулоо көрсөткүчү менен 18 миллион 76 миң 506 чет өлкөлүк жаранды кабыл алды.

Түркиянын “ Январь-Июнь 2019”айларында туризмден түшкөн киреше 9,9 пайызга жогорулап, 12 миллиард 603 миллион 642 доллар болду.

Түркияга эң көп туристтерди жиберген өлкө катары биринчи орунда Орусия, экинчи орунда Германия, ал эми үчүнчү сапка Англия өлкөсү илинди.

 Орусиядан 4,62 пайыздык жогорулоо менен 1 миллион 35 миң 745 Орусия жарандары эс алуу үчүн келген. Эң жогорку көрсөткүчтү 30,29 пайыздык көрсөткүч менен Германиядан келген туристтер түздү.

Германиядан Түркияга июнь айында 588 миң 508 турист кирген.

Англиядан болсо 17,22 пайыздык көрсөткүч менен 359 миң 462 турист келген.

Бул үчилтиктен кийин,төртүнчү орунду Болгария, бешинчи сапты Украина өлкөсү ээледи.

Январь-Июнь айлары аралыгындагы статистика боюнча эң көп турист, өткөн жылдын тийиштүү айлары менен салыштырганда 13,91 пайызга жогорулаган жана 2 миллион 709 миң 397 киши Орусиядан келген.

Германия 15,52 пайыздык жогорулоону көрсөтүп, 1 миллион 802 миң 365 киши менен экинчи орунда.

Ал эми Болгария 25,14 пайыздык көрсөткүч менен 1 миллион 236 миң 280 кишисин жөнөткөн.

Болгариядан кийинки сапка Англия, Иран өлкөлөрү чыкты.

Анталья, Стамбул жана Эдирне  шаарлары Түркияга эң көп туристерди кабыл алган аймактар болуп аталды.



Тектеш кабарлар