Чет элдиктерге турак-үй сатуу көбөйдү

Буга караганда эң көп турак-үйдү Ирактын жарандары сатып алган.

1237442
Чет элдиктерге турак-үй сатуу көбөйдү

Түркияда чет элдиктерге турак-үй сатуулар үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 30,5 пайызга артып 2689 үйгө жетти.

Түркиянын статистика мекемеси июнь айындагы турак-үй сатууларынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда чет элдиктерге турак-үй сатууда биринчи орунду 1009 турак-үй менен Стамбул ээлесе, андан кийин 668 турак-үй менен Анталия, 134 турак-үй менен Анкара, 123 турак-үй менен Ялова жана 122 турак-үй менен Бурса орун алды.

Июнь айында Түркиядан Ирактын атуулдары 429, Ирандын атуулдары 415, Орусиянын атуулдары 190, Германиянын атуулдары 126, Англия жана Кувейттин атуулдары 113төн турак-үй сатып алышты.


Этикеткалар: #Түркия

Тектеш кабарлар