Чет элдик туристтер органикалык дыйкан чарбада иштеп эс алууда

Измит районунун борборунан 25 чакырым алыстыктагы табигый кооздугу менен көңүлдү бурган Фетхиейе мааласындагы дыйкан чарбада ыктыярдуулар иштешет

1227488
Чет элдик туристтер органикалык дыйкан чарбада иштеп эс алууда

Кожаелинин Измит районунда «Токой айыл» деп билинген Фетхийе мааласындагы дыйкан чарбага ар башка өлкөлөрдөн келген туристтер, органикалык талаа чарбасын үйрөнүү менен бирге эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

Райондун борборунан 25 чакырым алыстыктагы табигый кооздугу менен көңүлдү бурган Фетхийе мааласындагы дыйкан чарбада ыктыярдуулар иштешет.

Баш калкалоо, тамак аш жана суусундуктары камсыздалган туристтер, дыйкан чарбада эң көп 3 айга чейин кала алат.

Эртең менен саат 8:00дө башталган талаа иштери 13:00дө аяктайт.

Коноктор түштөн кийин же болбосо аптанын акырында Стамбулдун жана Кожаелинин ар башка жерлерин кыдырышат.



Тектеш кабарлар