Түркия келген чет элдик турист саны

Түркия 5 айда 12 миллион 757 миң чет элдик туристти тосуп алды.

1226951
Түркия келген чет элдик турист саны

 

Маданият жана туризм министрлигинин чек арадагы кирип  - чыгуу статистикаларына караганда май айында Түркияга 4 миллион 22 миң 254 чет элдик турист келди. Ушундайча май айында чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле айына караганда 9, 35 пайызга өстү.

Түркияга келген чет элдик турист саны жылдын 5 айлык мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 11, 3 пайыздык өсүү менен 12 миллион 757 миң 522ге жетти.

Май айында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде 963 миң 359 киши менен Орусия биринчи орунду алды. Германия 410 миң 374 турист менен экинчи, Британия 310 миң 4 турист менен үчүнчү орунду алды.

Орусия жылдын 5 айлык мезгилинде да Түркияга эң көп турист жиберген өлкө болду. Орусиядан Түркияга келген турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 20, 54 пайыздык өсүү менен 1 миллион 673 миң 652ге жеткен.

Орусиядан кийин 1 миллион 213 миң 857 турист менен Германия, 982 миң 717 турист менен Болгария келди. Түркияга май айында келген чет элдиктер эң көп кирген чек ара капкалары да Анталия, Стамбул жана Мугла болду.



Тектеш кабарлар