Түркия 57 өлкөгө помидор экспорттоду

Эгей аймактарындагы теплицаларда өндүрүлгөн помидор экспорту биринчи беш айда 163 миллион доллар болуп ишке ашты.

1211277
Түркия 57 өлкөгө помидор экспорттоду

Түркияда көпчүлүгү Жер Ортолук деңизи жана Эгей аймактарындагы теплицаларда өндүрүлгөн помидор экспорту биринчи беш айда 163 миллион доллар болуп ишке ашты.

Түркия экспортчулар  ассамблеясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Батыш Жер Ортолук деңиз экспортчулар ассамблеясынын төрагасы Хаккы Бахар 27 -  майдан баштап Түркиядан 57 өлкөгө 163 миллион долларлык помидор экспорт кылынгандыгын айтты.

Өткөн жылы Орусияга 31 миллион долларлык экспорттун жасалгандыгын билдирген Бахар Орусиядан кийин 22, 5 миллион доллар менен Румыния, 18, 6 миллион доллар менен Украина, 11, 8 миллион доллар менен Болгариянын келгендигин, Израилге болсо 8, 4 миллион долларлык экспорттун жасалгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар