Түркия Венгриядан жарым миллион туристти максат кылууда

Венгрия менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштардын күчтөнүшү туризм секторуна да чагылууда.

1209054
Түркия Венгриядан жарым миллион туристти максат кылууда

Туризмдин борбор шаары Анталияда туризм секторунун өкүлдөрүн жолугуштурган Венгрия менен Түркиянын ортосундагы 8 -  Туризм биргелешкен комиссия жыйынында Түркия үчүн 5 жылдын ичинде жарым миллион венгер турист максаты коюлду.

Венгрия менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштардын күчтөнүшү туризм секторуна да чагылууда.

8 -  Туризм биргелешкен комиссиянын жыйыны менен Венгрия саякат агенттиктери биримдигинин  45 -  жыйыны эки өлкөнүн туризм секторунун өкүлдөрүн жолугуштурду.

Жыйындарда эки өлкөнүн туризм потенциалдары каралып, азыркы учурдагы сандардын жетерлик эмес экендиги, өлкөлөрдүн ортосундагы зыяратчы санынын дагы да өстүрүлүшү керектиги тууралуу билдирүү жарыяланды.

Түркия мейманканачылар федерациясынын төрагасы Осман Айык Венгриянын Түркия үчүн негизги булак базарларынын бири экендигин айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштардын абдан күчтүү экендигин белгилеген Айык эки өлкөнүн адамдарынын да бири бирине шектенүү менен карабагандыгын айтты.

Венгриянын 10 миллиондук калкынын бар экендигин айткан Айык : «Ортоңку Европанын борборунда жайгашкан бир өлкө. Туризм тууралуу абдан өнүккөн өлкөлөрдүн бирөөсү. Өзгөчө арашан жана дарылоо боюнча абдан маанилүү өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан бири бирибизге карата маанилүү кызматташуу түзө ала турган өлкө»,- деди.

Венгриядан Түркияга келген турист санында да эң жогору 170 миң санына жетишкендерин белгилеген Айык : «Венгрияга өнүгүүгө ачык бир базар катары карайбыз. Максатыбыз санды  2- 3  жылдын ичинде 200 – 250  миңдерге, 5 жылдын ичинде да жарым миллионго жеткирүү. Учуу аралыгы катары абдан жакын жерде»,- деди.



Тектеш кабарлар