Түркия Өзбекстандын эң ири бешинчи соода өнөктөшү болду

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү өстү.

1208879
Түркия Өзбекстандын эң ири бешинчи соода өнөктөшү болду

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмү жылдын биринчи төрт айында 26,1 пайыз өсүп 730 миллион 600 миң долларга жетсе, Түркия Өзбекстандын эң ири бешинчи соода өнөктөшү болду.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, Түркиянын Өзбекстандын жалпы тышкы соодасындагы үлүшү 5,8 пайыз деп катталды.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү, жылдын биринчи төрт айында 26,1 пайыз өсүп 730 миллион 600 миң долларга жетти. Бул мезгилде Өзбекстандын Түркияга экспорту 347,1 миллион доллар, Түркиядан импорту да 383,5 миллион доллар болду.

Январдан апрелге чейин 2 миллиард 552,1 миллион долларлык тышкы соода жана 20,3 пайыздык үлүш менен Кытай Өзбекстандын эң чоң соода өнөктөшү болсо, 1 миллиард 998,8 миллион долларлык тышкы соода жана 15,9 пайыздык үлүш менен Орусия экинчи, 1 миллиард 54,4 миллион долларлык тышкы соода жана 8,4 пайыздык үлүш менен Казакстан үчүнчү болду.

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмү, өткөн жылы 39,9 пайыз өсүп 2 миллиард 171 миллион 800 миң долларга жеткен болчу.



Тектеш кабарлар