Түркия менен Казакстандын соода көлөмү 50 пайызга артты

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1207906
Түркия менен Казакстандын соода көлөмү 50 пайызга артты

 

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Казакстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу сооданын өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 50 пайызга артып 632 миллион долларга жеткенин айтты.

Атамкулов, Казакстандын борбор калаасы Нур Султанда өткөн Түркия-Казакстан Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынан кийин тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Быйыл эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк карым-катнаштарынын түптөлгөндүгүнүн 10 жылдыгын белгилегендерин билдирген Атамкулов, Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйналышында эки тараптуу карым-катнаштардын бардык тарабын карап чыккандарын айтты.

Атамкулов: «Негизги көздөө президенттерибиз белгилеген эки тараптуу соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде эки тоараптуу соодада жогорку өсүү ылдамдыгына күбө болуп 632 миллион долларга жетти. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 50 пайыздан ашык өсүүнү байкоодобуз. Айрыкча Казакстанда ар башка тармактарда 2200дөн ашык Түрк капиталдуу фирмалар иштеп жатат»,-деди.

Жыйналышта транспорт темасы да каралганын белгилеген Атамкулов, Казакстандын Европа жана Азиянын ортосундагы материктер аралык транспортту өнүктүргөнүн белгиледи.

Атамкулов: «Казакстан Актау портун заманбапташтырды жана потенциалын кеңейтти. Түрк инвесторлорду Актау портунун транспорт жана логистикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга чакырдык»,-деди.

Министр Атамкулов, 2013-жылы курулган Казакстан Aselsan Engineering өнөктөш фирмасынын, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тармактагы кызматташтыктын үлгүлөрүнөн болгонуна көңүл буруп, учурда фирманын Түркияга аскердик жана жарандык товарлардын экспортун баштаганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар