Кануни Султан Сүлейман портрети Лондондо сатылды
Сотбис кечээ «Ислам дүйнөсүнүн көркөм-өнөрлөрү» аттуу коллекциясын сатууга койду.
Италиялык сүрөтчү Жентиле Беллининин жолдоочусу тарткан Кануни Султан Сүлейман портрети 5 миллион 323 миң 500 стерлинге сатылды.
Лондондогу аукцион үйү Сотбис кечээ «Ислам дүйнөсүнүн көркөм-өнөрлөрү» аттуу коллекциясын сатууга койду.
Сотбистен маалымдалгандай, аукциондо сатууга коюлган 311 бөлүктүн арасында италиялык сүрөтчү Жентиле Беллининин жолдоочуларынын бири тартканы божомолдонгон Кануни Султан Сүлейман портретинин 5 миллион 323 миң 500 стерлинге сатылганы белгиленди.
Падыша тактыга отурган 1520-жылдары Венецияда Осмон сарайына кирип чыга алган батыштык дипломаттардын айтымына таянып тартылганы божомолдонгон портрет аукционго коюла электе 250-350 миң стерлинге бааланган.
Аукционго байланыштуу маалымат берген Сотбистин Жакынкы Чыгыш жана Ислам искусствосу боюнча адиси Александра Рой, Кануни Султан Сүлейман портретинин эң баалуу эки чыгарманын бири экенин айткан болчу.