Ирактын президенти түрк фирмаларын өлкөсүнө инвестиция салууга чакырды

Ирактын Президенттик аппаратынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Салих, Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз, Түркиянын Курулушчулар биримдигинин төрагасы Митхат Йенигүн жана аны коштогон делегацияны Багдаддагы Президенттик сарайында кабыл алды.

1190195
Ирактын президенти  түрк фирмаларын өлкөсүнө инвестиция салууга чакырды

Ирактын президенти Берхем Салих, түрк фирмаларын кайрадан курулуунун алкагында өлкөсүнө инвестиция салууга чакырды.

Ирактын Президенттик аппаратынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Салих, Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз, Түркиянын Курулушчулар биримдигинин төрагасы Митхат Йенигүн жана аны коштогон делегацияны Багдаддагы Президенттик сарайында кабыл алды.

Салих, Ирак жана Түркиянын ортосундагы түптүү карым-катнаштарга басым жасап, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода тармагындагы кызматташуунун да күчтөндүрүлүшү керектигин белгиледи.

Ирактын инвестицияга муктаж болгон өлкө экенин айткан президент Салих, курулуш жана башка тармактардагы чоң тажрыйбага ээ болгон түрк фирмаларын Ирактын кайрадан курулушунун алкагында инвестиция салууга чакырды.

Элчи Йылмаз да түрк фирмаларынын, Иракта чоң долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция салууга даяр экендиктерин айтты.

Ирактын борбор шаары Багдадда, кечээ «Ирактын кайрадан курулушу үчүн Түркия-Ирак Курулуш форуму» өттү.

Форумда, Ирактын соода министри Мухаммед Хашим эл-Ани жана Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз менен катар Түркия Курушчулар биримдигинин төрагасы Митхат Йенигүн менен түрк жана ирактык курулушчулар да катышты.

 



Тектеш кабарлар