Эгейден Орусияга экспорт

Экспорттун көлөмү өстү.

1185029
Эгейден Орусияга экспорт

Эгей аймагынан Орусияга экспорттун көлөмү 79 миллион 908 миң долларга жетти.

Эгей экспортчулар бирикмеси, быйылкы жылдын биринчи үч айында 3 миллиард 238 миллион долларлык экспорт ишке ашканын билдирди.

Жашылча мөмө-жемиш рыногу ачылгандан кийин кайрадан кыймылга кирген Орусия рыногуна экспорттун көлөмү быйыл 111 пайыз өсүп 79 миллион 908 миң долларга жетти.

Орусияга өткөн жылы тийиштүү мезгилдеги экспорт болсо 37 миллион 818 миң доллар болду.

Эгейден Орусияга экспорттоодо жашылча мөмө-жемиштер 15 миллион 409 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.

Суу азыктары жана эт азыктары 12 миллион 805 миң менен экинчи, тамеки жана тамеки заттары болсо 9 миллион 37 миң доллар менен үчүнчү орунда турат.



Тектеш кабарлар