Түркиядан Орусияга экспорт өстү

Экспорттун көлөмү 866 миллион 551 миң 222 долларга жетти.

1180615
Түркиядан Орусияга экспорт өстү

 

Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде Орусия Федерациясына карата экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5 пайыз өсүп 866 миллион 551 миң 222 долларга жетти.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, жылдын биринчи чейрегинде 27 сектордон Орусияга 621 миң 744 тонна товар сатылды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Орусияга 826 миллион 935 миң 504 долларлык экспорт ишке ашты.

Ушундайча аты аталган өлкөгө экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу орто эсеп менен 5 пайыз өстү.

Орусияга экспорттоодо 147 миллион 28 миң 391 доллар менен жашылча-мөмөлөр биринчи орунду ээледи.

Андан кийин 125 миллион 287 миң 221 доллар менен транспорттук унаалар жана кошумча өнөр жай, 93 миллион 691 миң  527 доллар менен химиялык зат жана андан жасалгандар турат.  



Тектеш кабарлар