Бразилиядагы жарманкеге 17 Түрк коргонуу өнөр жайчы фирмасы катышууда

Катышуучулар, АТАК тик учагына абдан суктанышты.

1176477
Бразилиядагы жарманкеге 17 Түрк коргонуу өнөр жайчы фирмасы катышууда
12. LAAD Savunma ve Guvenlik Fuari3.jpg
12. LAAD Savunma ve Guvenlik Fuari2.jpg
12. LAAD Savunma ve Guvenlik Fuari1.jpg

12- LAAD коргонуу жана коопсуздук жарманкеси Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында башталды.

Коргонуу өнөр жайынын өндүрүүчүсү 400дөн ашуун эл аралык фирманын катышуусунда каалгаларын ачкан жарманкеге, Президенттик Коргонуу өнөр жайы башчылыгынын жол башчылыгында 17 Түрк коргонуу өнөр жайчы фирмасы да катышууда.

Жарманкеде айрыкча Түрк авиация жана эл аралык өнөр жайы акционердик коому тарабынан жасалып чыккан Т-129 АТАК тик учагы таанытылды. Катышуучулар, АТАК тик учагына абдан суктанышты.

Түрк авиация жана эл аралык өнөр жайы акционердик коомунун (TUSAŞ) институттук маркетинг жана байланыш төрагасы Тамер Өзмен, жарманкенин абдан жемиштүү өткөнүн жана алгачкы эле күндө Бразилиянын вице-президенти Антонио Гамильтон Мартинс Мурао, кургактык күчтөрү командири Эдсон Лил Пухоль жана аба күчтөрүнөн жогорку рангадагы жооптуу кызматкерлер павильонго келип, бардык техникалар туурасында маалымат алганын айтты.

Эки жылда бир өткөрүлгөн жана Латын Америкасынын эң чоң коргонуу жарманкеси болгон LAAD 5-апрелге дейре уланат.



Тектеш кабарлар