Кушадасына сезондун биринчи круиздик кемеси келди

Круиздик кемеде 550 жүргүнчү жана 372 кызматкер бар.

1147441
Кушадасына сезондун биринчи круиздик кемеси келди

Айдындын Кушадасы районуна 2019-жылдагы туризм сезонунун биринчи круиздик кемеси келди.

Англиянын Саутгемптон портунан 550 жүргүнчүнү алып чыккан кеме дүйнөлүк саякатынын алкагында 22 өлкө жана 35 портко барууну пландап жатат. Бахама желектүү "Black Watch" кемеси эртең мененки убактарда Эгей портуна токтоду.

Кемеден түшкөн көпчүлүгү англиялык туристтер саякаттын алкагында Селчук Эфес, Мариям эне, Дидим, Милет жана берки жерлерди кыдырышты.

Кушадасы Эгей портунун башкы директору Азиз Гүнгөр кеменин 107 күндүк дүйнөлүк саякатка чыкканын эске салып: «Көпчүлүгү англиялык болгон 550 жүргүнчү жана 372 кызматкери менен эртең менен портубузга токтоду. Кеме саат 20.00га чейин портубузда болот, андан соң Италиянын Неаполь шаарына баруу үчүн жолго чыгат»,-деди.

Круиздик туризмде 2019-жылкы сезондон үмүттүү экендерин белгилеген Гүнгөр: «Кушадасы порту үчүн чоң өсүү күтүп жатабыз. Өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайыздык өсүү болот. Америкалык 35 ири кеме Кушадасына каттамдарын жүргүзөт»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар