Түркиянын «жаңы муундагы танка аткычы» милдетин аткарууга даярдалууда

Бир жылдын ичинде долбоордун сапат сынактары бүтүрүлүп платформалар тапшырыла баштайт.

1146917
Түркиянын «жаңы муундагы танка аткычы» милдетин аткарууга даярдалууда

Түркиянын «жаңы муундагы танка аткычы» милдетин аткарууга даярдалууда.

Коргонуу өнөр жайы башчылыгы менен Түркиянын зооттолгон кургактык унаасы платформасынын өндүрүүчүлөрүнөн   FNSS ортосунда Кургактык күчтөрү командирлигинин муктаждыктарынын камсыздалышы максаты менен кол коюлган Курал ташуучу унаалар (STA) долдоорунун алкагындагы иштер уланууда.

Бул долбоор менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) инвентарында орун алган Kornet-E ракеталары менен Орто аралыкка учуучу танка аткыч куралы (OMTAS) долбоорунун алкагында алына турган ракеталардын унаанын үстүндө колдонулушу үчүн муктаждык болгон Курал ташуучу унаалардын (STA) өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүлүшү максатталууда.

FNSSтин STA проектинин алкагында өнүктүргөн дөңгөлөктүү жана цептүү танка аткыч платформаларынын сапат сынактары уланып жатканда  цептүү Kaplan STA танка аткыч платформасынан OMTAS ракетасынын алгачкы атуу жасалды.

2019-жылы 13-февралда Коньянын Карапынар районунда ишке ашкан атуу сынагында Kaplan STA танка аткыч платформасынан учурулган OMTAS ракетасы бутаны таамай атты.

Бир жылдын ичинде долбоордун сапат сынактары бүтүрүлүп платформалар тапшырыла баштайт.


Этикеткалар: #Түркия

Тектеш кабарлар