Орусияга бут кийим экспорту
Түркиядан Орусияга бут кийим экспорту 2017 - жылга караганда 78 пайыздык өсүү менен 132 миллион долларга жогорулады.
Түркиядан Орусияга бут кийим экспорту 2017 - жылга караганда 78 пайыздык өсүү менен 132 миллион долларга жогорулады.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын булгары жана булгарыдан жасалган буюмдардын экспорттолушу 2018 - жылы 1, 6 миллиард долларга жетти.
Сектордо эң чоң үлүшкө ээ бут кийимде 2017 - жылы 768 миллион доллар болгон экспорт 2018 - жылы 15 пайыздык өсүү менен 888 миллион долларга жогорулады.
Бут кийим экспортунда биринчи орунду Орусия алды. Орусияга бут кийим экспорту 74 миллион доллардан 2018 - жылы 78 пайыздык өсүү менен 132 миллион долларга чыкты. Ушундайча Түркия экспорттогон 6 бут кийимден бирөөсү Орусияга кетти.
Бут кийим экспортунда Орусиядан кийин 83 миллион доллар менен Ирак жана 61 миллион доллар менен Германия келди.