Түрк экономикасынын пайдубалы бекем

Берат Албайрак Давосто маалымат берди.

1131451
Түрк экономикасынын пайдубалы бекем

Казына жана каржы министри Берат Албайрак түрк экономикасынын пайдубалынын бекем экенин белгилеп, Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштардын аймактык жана дүйнөлүк аренада дагы тереңдегенин айтты.

Албайрак Швейцариянын Давос кыштагында уюштурулган 49-Дүйнөлүк Экономикалык форумда «Өнүгүп келе жаткан рыноктордун көрүнүшү» темалуу отурумга катышты.

Бул жерде суроолорго жооп берген Албайрак, түрк экономикасы өзү жайгашкан аймактагы маселелерге карабастан өсүп-өнүгүүсүн улантканын айтты.

Министр Албайрак, Түркиянын өз аймагындагы өлкөлөрдүн маселелеринен таасирленгенин белгилеп, Түркиянын 4 миллиондон ашуун баш калкалоочуну кабыл алганын жана аймактын эң ырааттуу өлкөсү абалында экенин сөз кылды.

Берат Албайрак Түркиянын мамлекеттик карызынын улуттук кирешеге катышынын 28 пайыз экенин, мунун болсо карызды башкаруу жетекчилигинин күчтүү экендигин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Албайрак: «Түркия өз жолун абдан позитивдүү улантууда. Түрк экономикасы күчтүү тең-салмакка эгедер»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар