IMF Дүйнөлүк экономикалык өсүү божомолун төмөндөттү

«Дүйнөлүк экономикалык көрүнүш» отчетун жарыялаган IMF, 2019-2020-жылдар үчүн глобалдык экономикалык өсүү божомолун октябрь айынан бери дагы бир жолу ылдыйлатты.

1130273
IMF Дүйнөлүк экономикалык өсүү божомолун төмөндөттү

Эл аралык Валюта Кору (IMF), 2019-2020-жылдар үчүн дүйнөдө экономикалык өсүү божомолун дагы бир жолу төмөндөттү.

«Дүйнөлүк экономикалык көрүнүш» отчетун жарыялаган IMF, 2019-2020-жылдар үчүн глобалдык экономикалык өсүү божомолун октябрь айынан бери дагы бир жолу ылдыйлатты.

Дүйнөдө экономикалык өсүүнүн 2019-жылы 3,5 пайыз, 2020-жылы 3,6 пайыз болушу күтүлүүдө.

Отчетто барган сайын арткан соодадагы чыңалуунун дүйнөлүк экономика жагынан олуттуу коркунуч болгонуна басым жасалды.

Дүйнөнүн эң чоң экономикасы болгон АКШ үчүн экономикалык өсүү божомолун өзгөрткөн жок. Күтүлгөн өсүү катышы 2,5 пайыз.

Ал эми божомолдор Кытай экономикасында өсүүнүн акырындай турганын боолголоп жатышат. Отчетто Кытайдын 2019-2020-жылдар боюнча өсүү күтүүсүн 6,2 пайыз деп белгиледи.

IMF отчетунда өнүккөн экономикалар тууралуу экономикалык өсүү божомолунун 2019-жыл үчүн 0,1 балл төмөндөтүлүп 2 пайызга түшүрүлгөнү, 2020-жыл үчүн 1,7 пайыз деп мурдагысындай калтырганы билдирилди.

Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө болсо экономикалык өсүүнүн 2019-жыл үчүн 4,5 пайыз, алдыдагы жыл үчүн 4,9 пайыз болушу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар