Сауд Арабия Орусияга 2 миллиард доллардык инвестиция салат

Кирилл Дмитриев, Аргентинадагы Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинин алкагында журналисттерге берген маалыматында , Сауд Арабиянын Орусияга карай инвестицияларынын арта турганын белгилеп өттү.

1099289
Сауд Арабия Орусияга 2 миллиард доллардык инвестиция салат

Орусиянын түздөн-түз инвестиция фондунун төрагасы Кирилл Дмитриев, Орусия-Сауд Арабия биргелешкен фонду аркылуу 2019-жылы Орусияга 2 миллиард доллардык кошумча инвестиция салынышынын пландалганын жарыялады.

Кирилл Дмитриев, Аргентинадагы Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинин алкагында журналисттерге берген маалыматында , Сауд Арабиянын Орусияга карай инвестицияларынын арта турганын белгилеп өттү.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салмандын Чоң жыйырмалыктын алкагында жолугушуу өткөргөндөрүн түшүндүргөн Дмитриев: «Бул жолугушууда Сауд Арабиянын Орусиядагы инвестицияларынын маанилүү деңгээлге жектени белгиленди»,-деди.

Алдыдагы жыл тууралуу Орусиянын экономикасына кошумча инвестиция салынышынын пландалганын түшүндүргөн Дмитриев: «Орусия-Сауд Арабия биргелешкен фонду аркылуу Орусиядагы инфраструктура долбоорлоруна 2019-жылы 2 миллиард доллардык кошумча инвестиция салынышы пландалууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар