Стамбулда ТЕКНОФЕСТ башталды

Стамблулдун жаңы аэропортунда бүгүн башталган фестиваль, эртең менен башкы сахнадан жаңырган музыка менен ачылды.

1053644
Стамбулда ТЕКНОФЕСТ башталды

Түркиянын Технология командасы (Т3) фонду жана Стамбулдун Мэриясы тарабынан уюштурулган ТЕКНОФЕСТ СТАМБУЛ Авиация, космос жана технология фестивалында өнөр көрсөтүү башталды.

Стамблулдун жаңы аэропортунда бүгүн башталган фестиваль, эртең менен башкы сахнадан жаңырган музыка менен ачылды.

Аскердик жана жарандык унаалар фестиваль аянтына өтө баштаганда келген кишилер «АНКА», «Т625» тик учактары, «Гөктүрк-2» спутниги, реактив билим берүүсү жана жакындан колдоо көрсөтүүчү учак «Хүржет», жаңы муундагы баштапкы билим берүү учагы «Хүркуш» жана «АТАК» тик учактарын жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүн табышты.

Фестивалдын алкагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн эң тандамал бөлүктөрүнөн Түрк жылдыздары орто эсеп менен 30 мүнөткө созулган шоу көрсөттү.

Түрк жылдыздарынан кийин АК партиянын Сакариядан эл өкүлү жана Дүйнөлүк супер спорт чемпиону, мотоциклист Кенан Софуоглу айдаган «Kawasaki H2R» катышкан жарыш өткөрүлдү.

Жарышта Софуоглуна «Red Bull Racing Formula 1» унаасы, "Kawasaki H2R", "Tesla P100 DL", "Lotus Evora 430 GT", "Aston Martin The New Vantage", "Solotürk F16 учагы" жана "атайын реактив Challenger 605" атаандаш болду.

Жарышты Софуоглу айдаган «Kawasaki H2R» алдыда бүтүрдү.

Бир тараптан Соло түрк да келгендердин кол чабууларынын коштоосунда жапыз учуулар орун алган өнөрлөрүн көрсөттү.



Тектеш кабарлар