Үй эмеректериндеги экспорт

Түркиянын жуулган кийимдерди кургатуучу машинасынын экспорту акыркы 5 жылда 255 пайызга өсүп 287 миллион 878 миң долларга жетти.

1035932
Үй эмеректериндеги экспорт

Түркиянын жуулган кийимдерди кургатуучу машинасынын экспорту акыркы 5 жылда 255 пайызга өсүп 287 миллион 878 миң долларга жетти.

Жуулган кийимдерди кургатуучу машина эң көп Европа өлкөлөрүнө сатылып, өткөн жылы Британияга 76 миллион 351 миң долларлык экспорт жасалды. Британиядан кийин 40 миллион 896 миң доллар менен Франция келсе, мурун үй эмеректерин өндүрүүдө база катары мүнөздөлгөн Германияга жасалган экспорттон 35 миллион 881 миң доллар киреше алынды.

Жуулган кийимдерди кургатуучу машинаны өндүрүү акыркы 5 жылда 54, 5 пайызга өсүп, 1 миллион 652 миң 197 даанага чыкты. 2013 -  жылы чыгарылган 901 миң 336 даана кургатуучу машинанын 821 миң 619зу экспорттолду. Өткөн жылы чыгарылган кургатуучу машиналардын 1 миллион 552 миң 522си өлкө тышына сатылды. Ушундайча өткөн жылы чыгарылган жуулган кийимдерди кургатуучу машиналардын 94 пайызынын экспорттолушу көңүлдөрдү бурду.

Түркия үй эмеректерин экспортоодо дүйнөдө идиш жуугуч машинада 4, кир жуугуч машинада 5, муздаткычта 6  - орунду алууда.



Тектеш кабарлар