Эл аралык аба транспорту биримдигинен Түрк аба жолдоруна (THY) мактоо айтылды

Борбору Канаданын Монреаль шаарында орун алган Эл аралык аба транспорту биримдиги, Түркияга багытталган спекуляциялык чабуулдун аба жолу транспортуна таасирлери тууралуу отчет жарыялады.

1033845
Эл аралык аба транспорту биримдигинен Түрк аба жолдоруна (THY) мактоо айтылды

Эл аралык аба транспорту биримдиги тарабынан жарыяланган отчетто, Түрк аба жолдорунун (THY) Түркияга карай экономикалык чабуулдан кийинки терстиктердин ордун толтуруу жагынан алдыңкы ролду ойной турганы белгиленди.

Борбору Канаданын Монреаль шаарында орун алган Эл аралык аба транспорту биримдиги, Түркияга багытталган спекуляциялык чабуулдун аба жолу транспортуна таасирлери тууралуу отчет жарыялады.

Түркиядагы абалдын аба жолу базарындагы чуулгандуу мезгилге туш келгени белгиленген отчетто; «Дүйнөлүк авиация секторуна карай риск салыштырмалуу төмөн. Бирок акыркы абал өнүгүп бара жаткан дүйнөдөгү кайсы бир чукул таасирдин глобалдык авиацияга карай өткөндөгүдөн дагы көп таасири боло турганын эске салат» деген сөздөргө орун берди.

Биримдиктин отчетунда THYнин маанилүү жана глобалдык «супер-байланыштыруучу аба жолу фирмасы» экени белгиленип, «THY ошол эле убакта потенциалдуу ички терс абалдардын ордун толтурууга жардам бере турган жүк ташыгыч»,делди.

Отчетто, Түркияда боло турган ыктымалдуу экономикалык терстиктердин аймак менен бирге берки арзыбаган экономикаларга жана ошондой эле глобалдык аба транспортуна да терс таасирин тийгизе турганы баса белгиленип, «Өткөн он жыл бою күчтүү өсүүнү көрсөткөн Түркия, дагы деле дүйнөдөгү эң чоң 16-жүргүнчү базары болуп саналат»,деп жазды.



Тектеш кабарлар