Түркиянын 100 күндүк иш планы

Эрдоган 400 долбоорду камтыган 100 күндүк иш планын жарыялады.

1025531
Түркиянын 100 күндүк иш планы

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Ирактагы Мосул жана Басра консулдуктарынын 100 күндүн ичинде кайрадан кызматын баштай турганын билдирди.

Эрдоган Президенттик кабинеттин 400 долбоорду камтыган 100 күндүк иш планын жарыялады.

Иш планында транспорт, экономика, тышкы соода, өнөр жай, тышкы саясат, коргонуу, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, технология, туризм, жаштар жана спорт сыяктуу көптөгөн тармактагы максаттар орун алууда.

Программада бюджет жана мамлекеттик финансы боюнча таштала турчу кадамдар да бар.

Бештепедеги конгресс борборунда «100 күндүк иш планын таанытуу жыйынында» сөз сүйлөгөн Эрдоган, орто мөөнөттүү программаны ушул айдын аягына чейин коомдук пикирге жарыялоону пландагандарын айтты.

2019-2023-жылдарга карата стратегиялык план иштерин да баштагандарын белгилеген Эрдоган, ноябрь айынын аягына чейин муну да бүтүрүүнү максаттагандарын билдирди.

Биринчи 100 күндүн ичинде бүткөрүлө турган долбоорлордун санынын миңден ашуун экенин айткан президент, программада булардан дагы маанилүү жана алдыңкы деп эсептелген 400 долбоорго орун бергендерин түшүндүрдү. Бул 400 долбоордун 48нин коргоо өнөр жайына таандык экенин билдирди. Ал эми Канал Стамбулдун эки жагына эки бутик шаар куруп жаткандарын айтты. Үчүнчү атомдук станцияны болсо Тракья шаарында курууну пландагандарын түшүндүрдү.

 



Тектеш кабарлар