Орусия мунайды Сауд Арабиядан дагы көп өндүрдү

Мунай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1018816
Орусия мунайды Сауд Арабиядан дагы көп өндүрдү

Орусия май айында күнүмдүк орточо 10,6 миллион баррель мунай зат өндүрүп Сауд Арабияны артта калтырды.

Орусия Федерациясынын статистика кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда, май айында күнүмдүк орточо 10,6 миллион беррель мунай өндүргөн Орусия ошол эле мезгилде күнүмдүк орточо 9,99 миллион беррель мунай өндүргөн Сауд Арабиядан оозуп чыкты.

Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмундагы (OPEC) өлкөлөр ушул эле мезгилде күнүмдүк жалпы 31,9 миллион беррель мунай өндүрсө, мунун орто эсеп менен 4,5 миллион баррели Ирактан чыкты.

Мунайдын Орусиянын жалпы экспортундагы үлүшү быйылкы жылдын январь-май айларынын аралыгында 28 пайыз болсо, мунайдын май айында орточо экспорт баасы да ар бир тоннасы 508 доллар болду.

Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмунун өндүрүшкө чектөө койгон келишимине кирген өлкөлөр, 23-июнда Австриянын борбору Венада өткөрүлгөн жыйында мунай менен камсыз кылууну күнүмдүк 1 миллион беррель арттылышы темасында макулдашышкан болчу.

Орусиянын ушул жаңыланган келишимдин алкагында өндүрүшүн күнүмдүк 200 миң беррель көбөйтүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар