ЕБ менен АКШнын бажы тарифи боюнча чатагы

ЕБ комиссиясынын соода келишпестиктери темасында АКШнын Соода министрлигине жиберген каты, басма сөзгө чыгып кетти.

1004362
ЕБ менен АКШнын бажы тарифи боюнча чатагы

Европа Биримдиги (ЕБ) АКШнын импорттогон автоунааларга кошумча салык жүктөгөн учурунда 294 миллиард доллардык жооп кайтаруусун жасай турганы менен эскертти.

ЕБ комиссиясынын соода келишпестиктери темасында АКШнын Соода министрлигине жиберген каты, басма сөзгө чыгып кетти.

Катта, АКШ тарабынан автоунаа жана кошумча тетиктерге кошумча салык жүктөлүшүнүн керексиз жана экономикалык жактан түшүнүксүз болгону белгиленди.

Анда, темир-болот жана алюминий сыноолоруна ылайык жасалган алдын ала изилдөөлөргө караганда, АКШнын Европанын автоунаа жана тетиктерине 25 пайыздык кошумча бажы салыгын киргизүү чечиминин 294 миллиард долларга жеткен каршы чара көрүүлөргө себеп боло турганы айтылды.

Аты аталган салыктын АКШнын экономикасына башында 13-14 миллиард доллардык терс таасир тийгизе турганына басым жасалган катта, мунун эсеп-кысаптарга терс таасир тийгизе турганы белгиленди.

Катта, европалык автомобил өндүрүүчүлөрүнүн өткөн жылы АКШда 2,9 миллион унааны өндүрүп чыгарганын, мунун АКШнын автомобиль өндүрүшүнүн 26 пайызын түзгөнүн жана жүз миңдеген кишинр жумуш менен камсыздаганы маалымдалды.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 9-мартта импорттолгон темир-болот жана алюминийге кезеги менен 25 жана 10 пайыздык бажы тарифинин ишке ашырыла турганын жарыялаган, ЕБне бул салыктардан 1-июнга дейре убактылуу бошотулганы маалымдалган.

ЕБ, АКШнын жакын шериктеши экенин жана улуттук коопсуздук коркутуусу болбогонун себеп көрсөтүп Вашингтондун бажы салыктарынан туруктуу түрдө бошотулушу чакырыгын салган.

Тараптардын ортосунда жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ЕБ, АКШны чечиминен баш тарттыра алган эмес.

ЕБ, 22-июндан тарта АКШдан келген жүздөгөн товарга 25 пайыздык салыкты киргизет.

ЕБнин чечиминен кийин АКШнын президенти Трамп, Европадан импорттолгон бардык унааларга 20 пайыздык кошумча салык киргизүү коркутуусун кылган.



Тектеш кабарлар