Чет өлкөлүктөргө турак жай соодасы өстү

Түркиянын жалпысында 119 миң 655 турак жай сатылды.

996026
Чет өлкөлүктөргө турак жай соодасы өстү

Май айында сатылган турак жайлардын саны андан мурунку айга салыштырмалуу 2,7 пайыз өстү.

Түркиянын жалпысында 119 миң 655 турак жай сатылды.

Түркиянын статистика мекесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Стамбул 20 миң 61 үй менен эң жогорку үлүшкө ээ болду.

Стамбулдан кийин 11 миң 919 турак жай менен Анкара, 7 миң 28 үй менен Измир турат.

Чет өлкөлүктөргө турак жай соодасы болсо өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 36,1 пайыз өстү.

Өткөн айда 2 миң 415 турак жай сатып алган чет өлкөлүктөр көбүнчө Стамбул менен Антальяны тандашты.

Түркиядан эң көп үй сатып алган чет өлкөлүктөр Ирак, Иран жана Сауд Арабиянын жарандары болду.



Тектеш кабарлар