Европа Кеңеши менен Газпром макулдашууга жетишти

Европа кеңешиндеги тийиштүү бөлүмдөрдүн, Газпром менен жетишилген макулдашууну алдыбыздагы аптада коомдук пикирге жарыялоосу күтүлүүдө.

972695
Европа Кеңеши менен Газпром макулдашууга жетишти

Европа Кеңши менен Орусиянын Энергетика дөө-шаасы Газпром, Европа Биримдигинин (ЕБ) Европадагы анти-монополия мыйзамдарын бузгандыгы айтымдары менен Орусиянын фирмасына койгон доосу боюнча макулдашууга жетишти.

Анти-монополия мыйзамдарын бузгандыгы себеби менен Газпром туурасында 2012-жылы териштирүү баштаган жана 2015-жылы процессти сотко алып барган Европа Кеңеши, тарыхындагы эң узун мөөнөттүү анти-монополиялык доолорунан бирөөнү соңуна чыгарганы турат.

Европа кеңешиндеги тийиштүү бөлүмдөрдүн, Газпром менен жетишилген макулдашууну алдыбыздагы аптада коомдук пикирге жарыялоосу күтүлүүдө.

Булактардан бири жарыялоонун 24-майда боло турганын билдирди. Кабарда Европа Кеңешинин Газпромдун баа берүү ыкмасында өзгөртүү жасоо жана атаандаштарына Европанын чыгышында күчтөнүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо убадасын бергендиги боюнча бул багыттагы кадамды таштаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар