Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда айыл чарба тармагы да сүйлөшүлдү

Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

945195
Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда айыл чарба тармагы да сүйлөшүлдү

Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Анкарадагы жолугушуулары убагында түрк айыл чарба азыктарынын экспортунун да сүйлөшүлгөнүн айтты.

Песков, журналисттердин Путин менен Эрдогандын ортосундагы жолугушууда Түркиядан помидордун сатылып алынышынын сүйлөшүлүп же сүйлөшүлбөгөндүгү жөнүндөгү суроого: «Лидерлер түрк азыктарынын экспорттолушун талкуулашты»,-деп жооп берди.

Песков: «Лидерлер айыл чарба тармагындагы байланыштар менен катар ылдам өнүккөн өз ара соода-сатык жана экономикалык алакаларды дагы кеңири сүйлөшүштү»,-деди.

Путин менен Эрдогандын жолугушуусунан кийин Орусиянын айыл чарба көзөмөл мекемеси (Россельхознадзор) Орусияга помидордун экспорттолушу үчүн дагы бир түрк ишканасына урусат берген болчу. Ушундайча Орусияга помидор экспорттоого уруксат алган түрк ишканаларынын саны 15ке жеткен.



Тектеш кабарлар