Түркияда фундуктун экспорту
Фундуктун экспортунан чоң кирише түшөт.
Түркиядан 2017-2018-жыл экспорт сезонунун алты айлык мезгилинде 171 миң 690 тонна фундук сатылып 1 миллиард 90 миллион 646 миң доллар киреше түштү.
Карадеңиз фундук азыктары жана экспортчулары бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2017-жылдын 1-сентябрында башталган фундук экспорттоо сезонунда февраль айынан тарта табигый фундуктун маңызы (100 килограмм) орто эсеп менен 621 доллардан сатылганы белгиленди.
Билдирүүдө 2017-жылдын 1-сентябрынан 2018-жылдын 28-февралына чейин Түркиянын 171 миң 690 тонна фундуктун маңызын экспорттоп андан 1 милллиард 90 миллион 646 миң доллар киреше тапканы маалымдалды.
Түркия өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 131 миң 920 тонна фундук эспорттоп, андан 1 миллиард 127 миллион 714 миң доллар киреше тапкан болчу.