Түрк туризми 2018 - жылды өсүү менен баштады

2017 -  жылдын январь айында 1 миллион 55 миң 474 болгон турист саны 2018 -  жылдын ошол эле мезгилинде 38 пайыздык өсүү менен 1 миллион 461 миң 570 миңге жетти.

920100

Маданият жана туризм министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда 2018 -  жылдын алгачкы сандары жылдын туризми үчүн үмүт берүүчү экендигин көрсөтүүдө.

Бул жылы Түркияга январь айында эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду 154 миң 296 киши менен Иран  алды. Андан кийин 150 миң 849 киши менен Грузия, 119 миң 296 киши менен Болгария келди. Туристтердин эң көп барган жерлер тизмесинде болсо Стамбул биринич орунда.

Январь айында Стамбулга келген турист саны 831 миң 307ге жетти. Стамбулдан кийин 181 миң 451 турист менен Эдирне, 158 миң 684 турист менен да Артвин келди. Маалыматта өлкө тышындагы туристтик агенттерден келген эрте резервацияларга байланыштуу маалыматтардын да 2018 -  жылы Түркияга келген турист санынын күтүлгөндөн дагы жогоруга чыгарын көрсөткөндүгү белгиленди.  

Тектеш кабарлар