Түркиянын калкынын саны жакынкы келечекте 100 миллиондон ашат...

Түркиянын статистика мекемесинин «Калктын санынын баамдалышы 2018-2080» аттуу изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды.

915375
Түркиянын калкынын саны жакынкы келечекте 100 миллиондон ашат...

Түркиянын калкынын саны 2040-жылы 100 миллион кишиден аша турганы күтүлүүдө.

Түркиянын статистика мекемесинин «Калктын санынын баамдалышы 2018-2080» аттуу изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды.

Түркиянын статистика мекемесинин жарыясында, «Түркиянын калкынын саны 2040-жылы 100 миллион кишиден аша турганы күтүлүүдө»,делди.

Түркиянын калкынын санынын түзүлүшүндө акыркы жылдарда болгон өзгөрүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан муктаждык жана мекеменин жаңылоо саясаттарына ылайык калктын санынын баамдалышы жаңыланды.

Буга караганда 2017-жылы Адреске негизделген калкты каттоо системасынын жыйынтыктары негиз кылынып адынды. Бирөө башкы сценрий болуп ар башка төрөт жана көч ыктымалдуулуктарын камтыган үч башка сценарийге караганда саналып чыккан калктын санынын баамдалышында, демографиялык көрсөткүчтөрдөгү учурдагы тренд улана турганы божомолуна таянган башкы сценарийдин жыйынтыктарына орун берилди.

Түркиянын статистика мекемесинин баамдоосуна караганда демографиялык көрсөткүчтөрдөгү учурдагы тренддер уланган учурунда, 2017-жылы Адреске негизделген калкты каттоо системасынын жыйынтыктарына караганда 80 миллион 810 миң 525 киши болгон Түркия калкы, 2023-жылы 86 милилон 907 миң 367 кишиге, 2040-жылы 100 миллион 331 миң 233 кишиге жетет.

Калктын саны 2069-жылга дейре 107 миллион 664 миң 79 кишиге жетип эң жогорку көрсөткүчүнө жетет.

Ошондон баштап азая баштай турганы көздөлгөн өлкөнүн калкы 2080-жылы 107 миллион 100 миң 904 киши болот.



Тектеш кабарлар