Түркияны келечектеги экономикалык олку-солкулуктарга каршы даярдадык

Экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, Анадолу агенттигинин глобалдык байланыш боюнча өнөктөшү Дүйнөлүк Пери инвестиция фондунда (WBAF) Түркия экономикасы тууралуу баяндоо жасады.

914602
Түркияны келечектеги экономикалык олку-солкулуктарга каршы даярдадык

Экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, реформалар менен Түркияны келечектеги экономикалык олку-солкулуктарга каршы даярдагандарын айтты.

Шимшек, Анадолу агенттигинин глобалдык байланыш боюнча өнөктөшү Дүйнөлүк Пери инвестиция фондунда (WBAF) Түркия экономикасы тууралуу баяндоо жасады.

Түркия экономикасынын акыркы 15 жылда чоң жогорулоонун ичинде болгонун айткан Шимшек, муну улантыш үчүн реформа жасоосун уланта тургандарын атайын белгиледи.

Алдыбыздагы мезгилде бир топ тармакта структуралык реформаларга басым жасай тургандарын айткан Шимшек, алдыңкы пландарынын билим берүү тармагындагы реформалар экенин айтты.

Шимшек, реформалар менен Түркияны алдыдагы экономикалык олку-солкулуктарга каршы даярдагандарын белгилеп, бул үчүн тартиптүү акча саясатынын улантылганын, финансылык маневр тармагы түзүлгөнүн белгиледи.

Түркияда иш алып барууну жеңилдетиш үчүн жасалган иштерге токтолгон Шимшек: «Түркиянын Дүйнөлүк банктын иш аткаруу жеңилдиги индексинде илгерилеши үчүн тыгыз аракет кылуудабыз. Жасаган реформалар менен Түркияда фирма курууну дагы да жеңилдеттик»,-деп айтты.

Кытайдын «Бир муун-бир алкак» долбоорунда 900 миллиард доллардык инвестиция көздөлгөнүн белгилеген Шимшек, Түркия катары аты аталган багытта ортоңку коридордо транспорт долбоорлору үчүн Кытай менен биргелешип иштешкендерин айтты.

Шимшек, эсеп-кысап маселеси боюнча, «Биз энергияда, жаратылыш байлыктарында чет өлкөгө көз карандыбыз. Бул, Түркияда олуттуу эсеп –кысап кемчилиги катары ортого чыгууда жана акыркы 15 жылда жылдык орто эсеп менен 44 миллиард доллардык газ жана мунай зат үчүн акча каржыладык. Алдыбыздагы мезгилде эсеп-кысап кемчилигин дагы башкарылгыдай деңгээлге жеткириш үчүн реформа жасоону улантабыз»,-деди.

Мехмет Шимшек, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдө капитал бааларындагы жогорулоонун себебинен ишке ашкан түзөтүүлөргө баа берип жатканда да бул абалдын бекем экенин жана санааркабоо керектигин белгиледи.

Түркиянын соода финансылык байланыштарынын абдан күчтүү болгон евро аймагында болгон карыз кризисинин, өлкө экспортуна олуттуу түрдө таасир эткенин эске салган Шимшек, Европадагы калыбына келүүнүн экспортко оң таасир тийгизе турганын белгиледи.

Түркиянын пери инвесторлорго муктаждыгы болгонун айткан Шимшек, бул инвестицияларды тартыш үчүн шыктандырууларды кылгандарын кошумчалады.


Этикеткалар: #Экономика

Тектеш кабарлар