Индия БАЭде мунай зат чыгарат

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен Индиянын ортосунда мунай зат тармагында келишимге жана 4 меморандумга кол коюлду.

908216
Индия БАЭде мунай зат чыгарат

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен Индиянын ортосунда мунай зат тармагында келишимге жана 4 меморандумга кол коюлду.

БАЭнин расмий маалымат агенттиги WAMдын кабарына караганда БАЭ тарабынан Абу-Дабинин мураскор принци Мухаммед бин Зайид Ал Нахайян, Индия тарабынан да премьер-министри Нарендра Моди, «тарыхый» катары мүнөздөшкөн келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык Индиянын эң чоң мунай зат издөөчү фирмасы Индия улуттук мынай зат жана жаратылыш газ фирмасы 599 миллион доллардык салым кошуу аркылуу Абу- Даби Эмирлигиндеги төмөнкү Заккум резервдеринде Абу-Даби Улуттук мунай зат фирмасына таандык мунай зат концессия укуктарынан 10 пайыздык үлүшкө ээ болот.

Кол коюлган 4 мемордандум менен эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктөрдүн жана айрым тармактарда кызматташтыктын күчтөндүрүлүшүнүн максатталганы белгиленди.

9-марттан тарта күчүнө кире турган келишим 40 жыл жарактуу болот.



Тектеш кабарлар