Түркиядагы эң кымбат баалуу саатты кайсы өлкөнүн жараны сатып алды?

Дүйнөдө 51 өлкөдө «салыксыз соода» процедурасы жүзөгө ашырылган Global Blue системасынын баа берүүсү.

898401
Түркиядагы эң кымбат баалуу саатты кайсы өлкөнүн жараны сатып алды?

Түркияда чет элдик туристтер өткөн жылы 1,4 миллиард лиралык соода кылышты.

Дүйнөдө 51 өлкөдө «салыксыз соода» процедурасы жүзөгө ашырылган Global Blue, 1996-жылдан бери иштерин Түркияда 8 миңден ашуун чекене сатуу борборунда, шаардын ичиндеги кайтаруу кеңселери жана чек ара капкаларындагы 25 кайтаруучу жайында улантууда.

Түркиядагы tax free соода-сатык тууралуу баа берүүсүн жасаган Global Blueнун Түркиядагы башкы директору Селим Шейхун, өткөн жылы Түркияга келген туристтердин бардыгы 1,4 миллиард лиралык соода кылганын айтып өттү.

Чет элдик туристтердин аты аталган соода-сатыктардын 716 миллион лиралык бөлүгү үчүн салыктан бошотулган процедураларын бүтүрүп бардыгы 75 миллион лиралык Кошумча нарк салыгынын кайтаруусун алганын айткан Шейхун: «2017-жылы чет элдик туристтердин соода-сатыктары 2016-жылга салыштырмалуу 32 пайыздык өсүү көрсөттү»,-деди.

Шейхун, соода-сатыктын 45 пайыздык бөлүгүнүн Жакынкы Чыгыш аймактарынан келгенин белгилеп: «Учак кризисинин себебинен олуттуу төмөндөө болгон орустардын санында кайрадан олуттуу түрдө (жалпы tax free сатыштарында) 148 пайызга өсүү көрсөтүп калыбына келиши жана өзгөчө кытайлык туристтердин 208 пайыздык (жалпы tax free сатыштарынын өсүшү) эми абдан маанилүү. Бул абал 2018-жылы да уланат»,-деп айтты.

Катардыктардын 4312 лиралык ар бир соода кылуусунун орто эсеби алдыда турганын белгилеген Шейхун, катардыктардын соода-сатык кылган сайын каржылоосунун 2016-жылга салыштырамлуу 52 пайызга өсүү көрсөткөнүн айтты.

Шейхун, өткөн жылдын бир жолку эң жогорку соодасынын кувейттик бир туристтин кымбат баалуу дүкөндөн алган 574 миң лиралык сааты болгонун маалымдады.



Тектеш кабарлар