Виртуалдык акча бирдиги Dogecoin көздү кызыктырууда

Аты алгач ирет угулган жаңы акча бирдиктери рекордго жетишсе, буга эң акырында кошулган Dogecoin болду.

884803
Виртуалдык акча бирдиги Dogecoin көздү кызыктырууда

Базарларда Bitcoin менен башталган виртуалдык акча көчкүдөй өсүп баратат.

Аты алгач ирет угулган жаңы акча бирдиктери рекордго жетишсе, буга эң акырында кошулган Dogecoin болду.

2013-жылы пародия түрүндө жаратылган акча бирдиги болгон DOGEдун Японияга таандык парода болгон «Shiba Inu» итин колдонгон Dogecoin, 2010-жылы ортого чыккан интернет тамашасына шилтеме кылган.

Dogecoin декабрь айын 400 пайыздык өсүү менен жаап 1 миллиард доллардык базар баасына жетти жана 1 Dogecoin баасы жума күндөн тартып 0,0107 долларга жеткен.

А бирок пародия акчадагы жоголрулоо жуманын акырында да токтогон жок жана 0,0187 долларга жетип базар баасын 2 миллиард доллардын үстүнө чыгарды.

Ушундайча бетинде иттин сүрөтү орун алган акча бирдиги, акыркы 5 аптада 680 пайызга баасы жогорулады.

Dogecoinдагы өсүүнүн негизги себеби жок, бирок адистер, инвесторлордун арзан виртуалдык акчаларга багытталуу стратегиясы боюнча бул акчаларга талап көтөрүлгөнүн жана мунун да бааларды жогору тартканы ойлонулууда.

Dogecoinдогу жогорулоо, акча бирдигинин куруучуларынан бири болгон, бирок 2015-жылы чыгып кеткен Жексон палмерди да кызыктырууда.



Тектеш кабарлар