Түрк аба жолдорунун жүргүнчү көрсөткүчтөрү

Түрк аба жолдору көрсөткүчтөрүн жарыялады.

884342
Түрк аба жолдорунун жүргүнчү көрсөткүчтөрү

Түрк аба жолдорунун 2016-жылы 62 миллион 800 миң болгон жүргүнчү саны өткөн жылы 9,3 пайыз өсүп 68 миллион 600 миңге жетти.

Түрк аба жолдорунун өткөн жылдын январь айынан декабрга чейинки көрсөткүчтөрүнө байланыштуу Коомду маалыматтандыруу платформасында орун алган билдирүүсүндө, 2016-жылы 62 миллион 800 миң болгон жүргүнчү саны өткөн жылы 9,3 пайыз өсүп 68 миллион 600 миңге жеткени, жүргүнчү санындагы өсүүнүн ички каттамдарда 10,4 пайыз, тышкы каттамдарда болсо 8,4 пайыз болгону белгиленди.

Тыштан тышка трансфер жүргүнчү санында 2016-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 3,5 пайыз өскөнү белгиленген билдирүүдө, жүргүнчүлөрдү толуктоо көрсөткүчүнүн 79,1 пайыз болгону маалымдалды.

Билдирүүдө 2016-жылдын декабрь айында 4 жарым миллион болгон жалпы жүргүнчү санынын, 2017-жылдын тийиштүү мезгилинде 21,4 пайыз өсүп 5 жарым миллионго жеткени, жүргүнчү санындагы өсүүнүн ички каттамдарда 26,4 пайыз, тышкы каттамдарда 17,6 пайыз болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар