Түркия 2018-жылы да өсүүсүн улантат

Өнүктүрүү министри Лүтфи Элван, менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди

867789
Түркия 2018-жылы да өсүүсүн улантат

Түркия 2017-жылды 7 пайыздан ашкан өсүү менен жабат.

Өнүктүрүү министри Лүтфи Элван, менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркиянын үчүнчү чейректеги өсүү көрсөткүчүнө (11,1 пайыз) баа берген Элван, жыйынтыктардын ыраазы кылуучу экенин, 2018-жылы да бул өсүүнүн күчтүү түрдө улана турганын айтты.

Төртүнчү чейректе да көрсөткүчтөрдүн жакшы болооруна көңүл бурган Элван, жылдын аягы үчүн өсүүнүн 7 пайыздан аша турганына ишенгендерин белгиледи.

Элван учурда жумуш менен камсыздоого карата шыктандырууларды карап жаткандарын айтып, 2018-жылы да жумуш менен камсыздоого карай бир канча колдоо жана чаралар көрүлөөрүн бирок буларды алдыбыздагы күндөрдө такталгандан кийин билдире тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар