Кытайда Боинг учагы интернеттен сатылды

Интернет аркылуу өткөрүлгөн аукциондо 26 киши учакты сатып алуу үчүн ат салышты

852539
Кытайда Боинг учагы интернеттен сатылды

Кытайда 2 Боинг учагы интернетте аукцион аркылуу сатылды.

Синхуа агенттигинин маалыматына караганда, Кытай электрондук соода гиганты Алибабанын карамагындагы Таобаодо аукционго коюлган «Боинг-747» үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу учак, 320 миллион юанга (орто эсеп менен 48 миллион доллар) сатылды.

Интернет аркылуу өткөрүлгөн аукциондо 26 киши учакты сатып алуу үчүн ат салышты.

Аукционго 800 миңден ашуун электрондук соода колдонуучусу байкоо салды.

Жүк ташуу кызматын көрсөткөн SF Airlines компаниясы 25 атаандашынан дагы жогорку бааны сунуштап 2 учакты тең сатып алды.

Учактар «Jade Cargo International» аттуу компаниянын 2013-жылы банкрот болушунан кийин ишкананын Шунцин жана Шанхайдагы жертөлөөлөрүндө турган.

Аты аталган компанияга таандык Боинг жүк ташуучу учактар буга чейин 6 жолу аукционго коюлган бирок алуучу таба албагандыктан интернет аркылуу сатылышына чечим чыгарылган болчу.



Тектеш кабарлар