Бурсада автомобиль гиганттарынын жолугушуусу

Иш-чарага 28 өлкөдөн 220 компания катышууда

848185
Бурсада автомобиль гиганттарынын жолугушуусу

Бурса автомобиль гиганттарына кожоюндук кылууда.

Буга чейин ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлгөн Автомобиль жолугушуусу Түркияда биринчи жолу уюштурулуп жатат.

Бурсадагы жыйындарда автомобиль секторунун жана кошумча өнөр жайдын гиганттары жолугушууда.

28 өлкөдөн 220 компания катышкан иш-чарада, 5 миң 500 иш маектешүүсү өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кечээ башталган иш-чара маалымат бөлүшүү, келечектеги технолгиялык багыттардын белгилениши жагынан абдан маанилүү.

Жаңы үлгүлөр, сектордун абалы жана келечеги талкуулана турган үч күндүк жолугушуулардын алкагында фирмалар жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да табышат.



Тектеш кабарлар