Түрк авиация жана космостук өнөр жайынын иш-аракеттери

TUSAŞ/TAİ, жаңы чыгарган аба платформасы менен Түштүк Чыгыш Азия Эл аралык Биримдигинин  (ASEAN) камсыздоочуларынын арасына кирүүгө аракеттенүүдө.

842831
Түрк авиация жана космостук өнөр жайынын иш-аракеттери

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коому (TUSAŞ/TAİ), жаңы чыгарган аба платформасы менен Түштүк Чыгыш Азия Эл аралык Биримдигинин  (ASEAN) камсыздоочуларынын арасына кирүүгө аракеттенүүдө.

TAİ, Таиланддын Коргоо жана коопсуздук жарманкесинде катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана камсыздоочу органдар менен тыгыз сүйлөшүү алакаларын жүргүзүүдө.

TUSAŞ/TAİнин башкы директору Темел Котил жана аны коштогон фирманын жетекчилери, үй ээси Таиланд баштаган Азия-Тынч океан аймагында орун алган Малайзия, Индонезия, Филлипин аралдары жана Вьетнам делегациялары менен болгон жолугушууларда бир топ өлкө менен кызматташтык жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашты. Айрыкча Сингапур жана Түштүк Корея делегациялары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

ТАİ чыгарган аба платформаларынын экспортуна карай аракеттерде ASEAN өлкөлөрү маанилүү орунга ээ.

Таиландга карай АТАК тик учарлары тууралуу сунуш иштери жасалды. Фирманын делегациясы алдыбыздагы күндөрдө Таиландга барып бул темадагы иштерди улантат.

Малайзия болсо АНКАга кызыгууда. ТАİ бул темадагы сунушун малайзиялык жооптуу кызматтагыларга сунуштап, жасала турган баа берүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө.

Индонезия менен да АНКА туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. ТАİ баа сунушу мүнөзүндөгү бир эмгекти индонезиялык жооптуу кызматкерлерге берди.

ASEAN өлкөлөрү тышында Түштүк Азия өлкөсү Бангладеш болсо АНКА, куралдуу жана куралсыз ХҮРКУШ, АТАК тик учарларына кызыгууда.

ТАİ, Перс булуңу өлкөлөрүнө карай маанилүү кадам таштап, 12-16-ноябрь күндөрүндө Дубай эйршоуго катышат.



Тектеш кабарлар