Титаникте жазылган кат сатылды

Оскар Холверсон кеме менен бара жатканда энесине кат жазган

833100
Титаникте жазылган кат сатылды

Дүйнөнүн эң чоң жүргүнчү кемеси болгон Титаниктин кырсыкка учурашынан бир күн мурда жазылган кат Англиядагы аукциондо 166 миң долларга сатылды.

Америкалык ишкер Оскар Холверсон 1912-жылдын 13-апрелинде жубайы менен бирге Титаник кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасында эле.

Холверсон бул кеме Түндүк Атлантикада чөгө электен бир күн мурда энеси үчүн кат жазат.

Ишкердин көптүрүлгөн кагаздын бетине жазган, туздуу суунун тактары менен боелгон каты «Сүйүктүү энем» деп башталган. Катта Титаникти өтө чоң жана сарай отели сыяктуу сүрөттөгөн Холверсон: «Тамак-аш жана суусундуктар абдан сонун» деп кошумчалаган. «Бардык нерсе өз жайында болсо шаршемби күнү Нью-Йоркто болобуз» деп катын аяктаган.

Кеменин чөгүшү менен каза болгон Холверсондун жазган каты, ички чөнтөгүнөн чыккан жана үй-бүлөсүнө жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар