Түрк фирмасы Европа базарына дары-дармек сата баштады

Фирма бир миллион куту дары менен Европага алгачкы экспортун жасаганын билдирди.

828155
Түрк фирмасы Европа базарына дары-дармек сата баштады

Түрк дары-дармек фирмасы Pharmactive өзү өнүктүргөн жана жүрөк кан-тамыр оорулууларынын дарыланышында колдонулган дары менен Европа базарына киргенин жарыялады.

Фирма бир миллион куту дары менен Европага алгачкы экспортун жасаганын билдирди.

Pharmactive чет өлкөдөгү базарлар жана стратегиялык пландоо боюнча башкы директору Инжи Аййылдыз, Германия, Испания, Италия, Нидерландия, Мальта, Португалия, Англия, Франция жана Венгрия да арасында орун алган 10 өлкөдөн уруксат алгандарын айтты.

5 жылдын ичинде максаттарынын экспорт базарларында жергиликтүү өнөр жайдан чыккан алдыңкы 5 фирманын арасына кирүү болгонун белгилеген Аййылдыз: «Орусия, Европа жана айрым Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө Африкада, Жакынкы Чыгышта сатууларыбызды баштаганбыз. 2019-жылдын акырында да 50 өлкөдө дары-дармек экспортун жасайбыз. Экспорт базарларында 350 товар кайрылуусун кылдык. 100дөн ашуун бекитүүлөрүбүздү алдык. Ушундай түрдө экспортубузду арттырып өлкөбүзгө колдоо көрсөтүүнү максаттап жатабыз»,-деди.

Фирманын башкаруу кеңешинин мүчөсү Левент Селамоглу болсо, «Европа же өнүккөн өлкө базарларында дары экспорттоп жаткан болуу, Түркиядагы өнүккөн дары технологиясын, дары өндүрүп чыгаруу көлөмүн, стандартынын канчалык жогору болгонунун белгиси»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар