Түркияда өнөр жай өндүрүшү өсүү көрсөтүүдө

Түркияда өнөр жай өндүрүшүнүн индекси жылдык эсеп менен алынганда 5,2 пайыздык өсүү көрсөттү.

823237
Түркияда өнөр жай өндүрүшү өсүү көрсөтүүдө

Түркияда өнөр жай өндүрүшүнүн индекси август айында жылдык эсеп менен алынганда 5,2 пайыздык өсүүнү көрсөттү.

Түркиянын Статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда мезгилдик жана календардык жумуштардын таасиринен арылтылган өнөр жай өндүрүшү август айында июль айына салыштырмалуу 0,1 пайызга азайды.

Индекс жылдык эсеп менен алынганда 5,2 пайыздык өсүү көрсөттү.

Өндүрүш өнөр жай секторунун көрсөткүчтөрүндө 5,6 пайыз, электр энергиясы, газ, буу жана климаттандыруу өндүрүшү жана жаратылыш газ секторунун көрсөткүчүндө 7,3 пайыздык өсүү көрүндү.

Эң жогорку өсүү негизги дары-дармек товарларында болду.



Тектеш кабарлар