Түркияда автомобиль жасап чыгаруу рекорддук деңгээлге жетти

Түркияда автомобиль жасап чыгарууда жылдын алгачкы 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33 пайыз өсүү катталды.

808124
Түркияда автомобиль жасап чыгаруу рекорддук деңгээлге жетти

Түркияда жылдын алгачкы 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33 пайыз өсүп 750 миңге жеткен автомобиль өндүрүшү акыркы 10 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти.

Автомобиль өнөр жайы коомунун маалыматына караганда 2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпы автомобиль чыгарууда 19 пайыз өсүү болуп 1 миллион 90 миңге жетти.

Буга трактор чыгаруу да кошулганда 1 миллион 123 миң 419га жеткен автомобиль өнөр жайынын жалпы жасап чыгаруусу январь-август айларынын аралыгында эң жогорку деңгээлге жетти.



Тектеш кабарлар