Түркиянын экономикасындагы өсүү көрсөткүчтөрү

Түркиянын Статистика мекемесинин экинчи чейректеги өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды.

805021
Түркиянын экономикасындагы өсүү көрсөткүчтөрү

Түркиянын экономикасы үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде 5,1 пайызга өстү.

Түркиянын Статистика мекемесинин экинчи чейректеги өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга караганда өндүрүү ыкмасы менен өлкө ичи дүң продукциясынын божомолу болсо тийиштүү мезгилде эсеп кысап баалары менен 16,3 эсеге жогорулап, 734 миллиард 211 миллион лира катары белгиленди.

Талаа секторунун жалпы кошумча наркы үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу башталгыч көлөм индекси катары 4,7 пайыз, өнөр жай секторунун жалпы кошумча наркы болсо 6,3 пайыз, курулуш сектору болсо 6,8 пайызга өсүү көрсөттү. Соода, транспорт, коноктоо жана тамак-аш тейлөөсүнүн иш-чараларынын жалыпысынан турган тейлөөлөр секторунун кошумча наркы болсо 5,7 пайызга жогорулады.

Вице-премьер Мехме Ширмшек, экономикалык өсүүнүн ылдамдаганын белгилеп өттү.

Шимшек: «Саясий белгисиздиктер жоюлган бул мезгилде структуралык реформалар камсыздай турган салым менен жогорку кирешелүүлүк деңгээлине жетүүнү максаттоодобуз»,-деди.

Каржы министри Наби Агбал да: «Ишке ашырыла баштаган шыктандыруу жана колдоолордун канчалык орундуу болгону сандар менен көрсөтүлдү»,деген серебин салды.

Өнүгүү министри Лүтфү Элван болсо; «Өсүү катнаштары Түркиянын коркунучтарды жоюу жөндөмдүүлүгүн эл аралык жамаатка дагы бир жолу көрсөттү. Түркия жогорку өнүгүү ылдамдыгы менен ОЕСD өлкөлөрүнөн позитив багытта айырмаланууда»,-деди.

Экономика министри Нхат Зейбекчи да: «Үчүнчү чейректин өсүүсү экинчи чейректен дагы күчтүү болуп, 7 пайыз деңгээлинде болот. Түркиянын өсүү көрсөткүчү Европа Биримдиги, Чоң жыйырмалык жана ОЕСD өлкөлөрүнөн кыйла эле жогору»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар