Экспорт сандары

Экспорт 46, 2 пайыздык артуу менен 21 миллиард 484 миллион доллар болду.

798287
Экспорт сандары

Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 28, 3 пайызга артып 12 миллиард 641 миллион долларга жогорулады. Экспорт 46, 2 пайыздык артуу менен 21 миллиард 484 миллион доллар болду.

Түркия статистикалык мекемеси менен бажы жана соода министрлиги тарабынан түзүлгөн июль айына байланыштуу убактылуу тышкы соода статистикалары билдирилди. Ушуга караганда июль айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда тышкы соода кемчилиги да 4 миллиард 845 миллион доллардан 82, 5 пайызга артып 8 миллиард 843 миллион долларга жетти.

Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы өткөн жылдын июль айында 67 пайыз болгон болсо бул жылдын ошол эле айында  58, 8 пайызга төмөндөдү.

Жылдын жети айында Түркиянын экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 10. 6 пайызга артып, 90 миллиард 61 миллион долларга, импорту болсо 13, 5 пайыздык артуу менен 129 миллиард 807 миллион долларга жогорулады. Бул мезгилде тышкы соода кемчилиги 20, 7 пайызга артуу көрсөтүп, 39 миллиард 746 миллион доллар болуп ишке ашты. Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы 69, 4 пайыздык катнашка жетти.



Тектеш кабарлар