Түркия эң ылдам өскөн өлкөлөрдүн бири

Дүйнөдөгү эң өнүккөн 20 өлкөнүн арасында ылдам өскөн үчүнчү чоң өлкө болду

789285
Түркия эң ылдам өскөн өлкөлөрдүн бири

Экономика министри Нихат Зейбекчи Түркиянын экспорт боюнча өткөн айда рекорд жаратканын билдирди.

Зейбекчи 22-Эл аралык Эшме килем маданият жана көркөм өнөр фестивалы үчүн барган Ушакта, Түркиянын 2017-жылдын биринчи чейрегинде дүйнөдөгү эң өнүккөн 20 өлкөнүн арасында ылдам өскөн үчүнчү чоң өлкө болгонуна көңүл бурду.

Экспорттун көлөмү өткөн айда рекорддук деңгээлге жеткенин эске салган министр Зейбекчи, буларга токтолду: «Экспортто июль айында тарыхый рекорд жараттык. Айлык 28 пайыз өстү. Быйыл Түркия дүйнөдөгү эң ылдам өскөн үч чоң өлкөнүн бири болот. Максатыбыз дүйнөдө биринчи он экономикадан бири, ал эми Европадагы биринчи үч экономиканын бири болуу. Кудай буюрса Түркия масатына жетет»,-деди.



Тектеш кабарлар