«Касабланка» кинотасмасынын акыркы афишасы сатылды

АКШнын Техас штатында өткөрүлгөн аукциондо афиша жаңы ээсин тапты

782198
«Касабланка» кинотасмасынын акыркы афишасы сатылды

Классикалык кинолордон «Касабланка» тасмасынын Италиядагы бет ачары үчүн жасалган 2 миң афишадан ушул күнгө чейин калган жалгыз көчүрмөсү 478 миң долларга (1 миллион 683 миң 600 ТЛ) сатылды.

АКШнын Техас штатында өткөрүлгөн аукциондо, туурасы 139 узундугу 198 сантиметр болгон афиша жаңы ээсин тапты.

Бул афиша, режиссеру Майкл Кертис, башкы каармандары Хамфри Богарт менен Ингрид Бергман болгон 1942-жылы тартылган кино үчүн даярдалган итальянча афишалардын акыркы көчүрмөсү экени билдирилди.

Кинотасма 1946-жылы Италияда көрсөтүлөөр алдында 2 миң чакты афиша даярдалган.

Кино Италияда 4 жыл мурда тартылса да ошол мезгилде өлкөнү башкарган режим, АКШлык кинолордун көрсөтүлүшүнө уруксат берген эмес.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин киного уруксат берилген жана аны тарткан компания Warner Bros ырчы Луижи Мартинэтти жаңы афиша даярдашы үчүн милдеттендирген болчу.



Тектеш кабарлар