Экспорт сандары билдирилди

ТҮИК менен бажы жана соода министрлиги тарабынан түзүлгөн июнь айына байланыштуу убактылуу тышкы соода статистикалары билдирилди.

780957
Экспорт сандары билдирилди

Түркиянын экспорту июнь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 2,3 пайызга артып, 13 миллиард 166 миллион долларга жогорулап, импорт 1,5 пайызга азайып, 19 миллиард 177 миллион долларга түштү.

Түркия Статистикалык Мекемеси ТҮИК менен бажы жана соода министрлиги тарабынан түзүлгөн июнь айына байланыштуу убактылуу тышкы соода статистикалары билдирилди

Тышкы соода кемчилиги 6 миллиард 612 миллион доллардан 9,1 пайызга азайып 6 миллиард 11 миллион долларга артка тартылды. Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы өткөн жылдын июнь айында 66, 1 пайыз болуп бул жылдын ошол эле айында 68, 7 пайызга чыкты.

Жылдын биринчи жарымында Түркиянын экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 8,2 пайызга артып, 77 миллиард 453 миллион долларга, импорт болсо 8, 7 пайыздык артуу менен 108 миллиард 324 миллион долларга жогорулады. Бул мезгилде тышкы соода кемчилиги 10 пайыздык артуу көрсөтүү менен 30 миллиард 870 миллион доллар болуп ишке ашты.  Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы 71, 5 пайыз болду.

Германия 1 миллиард 301 миллион доллар менен өткөн айда эң көп экспорт жасалган өлкө болду. Бул өлкөнү 896 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмирликтери 886 миллион доллар менен АКШ жана 808 миллион доллар менен Англия келди. Импортто биринчи орунду 1 миллиард 924 миллион доллар менен Кытай келди. Кытайдан кийин 1 миллаирд 642 миллион доллар менен Германия, 1 миллаирд 385 миллион доллар менен Орусия жана 1 миллиард 64 миллион доллар менен АКШ келди.



Тектеш кабарлар