2020- жылы эң көп айлык ала турган кесиптердин тизмеси аныкталды
Американын Forbes журналы иликтөө жүргүзүп, 2020- жылы эң көп айлыгы боло турган кесиптердин тизмесин жарыялады.
773563
2020- жылы эң көп айлык ала турган кесиптердин тизмеси аныкталды
Технологиянын өнүгүшү жашоо шартыбызды жана муктаждыгыбызды өзгөртүүдө.
7 жылдан кийин айрым кесиптер чоң мааниге ээ болуп, айрым жаңы кесиптер пайда болот.
Американын Forbes журналы иликтөө жүргүзүп, 2020- жылы эң көп айлыгы боло турган кесиптердин тизмесин жарыялады.
Алар:
- Тылда иштөөчүлөр: Дүйнөдөгү тартип эске алынганда иш- мекемелери өндүрүүчү департаменттердин иштеринин жакшы улануусу жана иштеринин алга жылуусу үчүн атайын программаларды билген, тылда иштей турган кесип ээлерин алдыңкы орунда кармайт.
- Этика хакери: Көптөгөн мекемелер коопсуздуктары үчүн алдын-ала чараларды көрүп, өз убакыттарын сактоо максатында бул кесип ээлерине муктаж болушат.
- Актуарийлер (коопсуз математика боюнча адис): Бир гана бүгүнкү эмес эртеңкини да ойлонгон, белгисиз эсеп- кысапты аныктоочулар.
- Эпидемиолог: Бул кесипке эң көп куш тумоосу сымал окуяларда муктаждык жаралат. Ооруларды коомго, конуштарга карата иликтеген, оорулардын жайылуусун түрүнө карай бөлүштүргөн бул инсандарга 2020- жылдан кийин көп учурайбыз.
- Тышкы баракты жасалгалоо инженери: Веб баракчасындагы бир баскычты басасыз, бирок башка бир баракча ачылып калат. Биз оңой деп эсептегенибиз менен, иш жүзүндө андай болбогон мындай процессти тапкан инженердин баркы көтөрүлөт.
- Азык- түлүк химиги: Даамдуу тамак- аш даярдоо жана текстура менен алек болуу, оңдоо үчүн азык- түлүк химигине болгон муктаждык артат.